Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 16-майындагы №112 тескемеси менен бекитилген “19–24-май — үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы”нын иш-чаралар планынын алкагында, Ак-Суу районунда маанилүү коомдук демилге ишке ашырылды.
“Жаратылышка аяр мамиле жасоо жана айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы ишембилик тынчтык клубдарынын мүчөлөрүнүн жана мектеп окуучуларынын активдүү катышуусунда өткөрүлдү.
Ишембилик учурунда айлана-чөйрөнү тазалоо, бак-дарактарды суугаруу, жашыл аянттарды иретке келтирүү жана табигый ресурстарга кылдат мамиле кылууга үндөгөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара жаш муундарга жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга, коомчулуктун экологиялык маданиятын жогорулатууга жана ынтымактуу аракеттердин күчүн көрсөтүүгө багытталды.
Таза айлана – таза келечек!


