Алтын-Арашан айыл өкмөтү маалымдайт:

Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жолколот айылындагы №289 контурдан 1,59 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.
📌 Жер тилкеси көп жылдык мөмө-жемиш өстүрүү үчүн пайдаланууга арналган.
Ижарага берүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде жүргүзүлөт.
📝 Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандардын арыздары
2026-жылдын 11-мартынан тартып кабыл алынат.
Документтер Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте тапшырылат.