Урматтуу Боз-Булуң айылынын тургундары!

2025-жылдын 17-октябрында саат 14:00дө, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында коомдук угуу өткөрүлөт.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодексинин” 15-беренесине,
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобонун» 6, 7, 11 жана 25-пункттарына,
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-июлундагы №235 жана 2023-жылдын 12-майындагы №198 тескемелерине,
2025-жылдын 8-сентябрындагы №101 чечимине, ошондой эле Кара-Жал айылдык кеңешинин 2007-жылдын 26-декабрындагы 24-чакырылышынын 12-сессиясынын №22 токтомуна ылайык өткөрүлүүдө.

Коомдук угууда Боз-Булуң айылынын №164 контурдан 25 жана 6-номерлүү жер тилкелери боюнча маселе каралат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчике жеке турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндөгү жобого» ылайык жүргүзүлөт.

Айыл өкмөтүнүн комиссиясы бардык тургундарды өз убагында келип катышууга чакырат.
Сиздин пикир — айылдын өнүгүүсү үчүн маанилүү.

12 жооп

  1. That’s a fascinating point about balancing tradition & tech in modern gaming! Bet Link seems to really embrace that, especially with localized payments. Considering a try at bet link vip – the ritualistic approach is intriguing! Hopefully, responsible gaming is prioritized too.

  2. Been using 29betcom for a while now, and honestly, it’s got a decent selection of games. Payouts are usually pretty quick too, which is a big plus. Worth a look if you’re after something new. Here’s the link: 29betcom

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген