Урматтуу Алтын-Арашан айыл аймагынын тургундары!
2025-жылдын 19-декабрында саат 14:00дө, айыл өкмөттүн имаратынын алдында коомдук угуу өткөрүлөт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодексинин” 15-беренесине,
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапыссын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобонун» 6, 7, 11 жана 25-пункттарына,
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-июлундагы №235 жана 2023-жылдын 12-майындагы №198 тескемелерине,
ошондой эле Ак-Суу райондук комиссиясынын 2024-жылдын 19-мартындагы протоколдук чечими жана
27.05.2025-жылдагы №955 токтому («Алтын-Арашан айыл аймагындагы айрым конутурлар боюнча мунапыс чектерин, курулуш долбоорун жана менчикке өткөрүү тизмесин бекитүү тууралуу») негизинде уюштурулууда.

Коомдук угууда төмөнкү жер тилкелери боюнча маселелер талкууланат:
- Бору-Баш айылы – 1084-контур,
- Боз-Булун айылы – 299-контур, аянты 0.85 га,
- Октябрь айылы – 84-контур, аянты 6.22 га
жарандардын менчигине берүү маселеси каралат.
Иш жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчикке жеке турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндөгү жобого» ылайык жүргүзүлөт.
📌 Айыл өкмөтүнүн комиссиясы бардык тургундарды өз убагында, кечикпей келип катышууга чакырат.
Сиздин пикириңиз — айылыңыздын келечеги үчүн маанилүү!