...

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна чейин бардык транспорт каражаттарынын ээлери ОСАГО – жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин алышы МЕЙЛИЛЕТҮҮ ЭМЕС, МИЛДЕТТҮҮ болуп саналат!

📌 1-июлдан кийин полиси жок унаа ээлерине мыйзам чегинде айып пул салынышы мүмкүн!

🔹 Эмнеге ОСАГО керек?
– Жол кырсыгында үчүнчү жакка келтирилген зыянды камсыздандырат
– Финансылык жүктү азайтат
– Жарандык жоопкерчиликти мыйзам чегинде жөнгө салат
– Кырсык учурунда сиздин жана башка адамдардын укуктарын коргойт

🔹 Ким камсыздандыруу алышы керек?
– Жеке же юридикалык жакка катталган бардык жеңил, жүк, кызматтык жана атайын унаалардын ээлери.

📍 ОСАГО полисин кайдан алса болот?
Тиешелүү лицензиясы бар камсыздандыруу уюмдарынан же айыл өкмөт аркылуу расмий камсыздандыруу өкүлдөрүнө кайрылсаңыз болот.

📅 Акыркы мөөнөт:
2025-жылдын 1-июлуна чейин


Убакыт аз калды – камсыздандыруу алыңыз!
Өзүңүздү, үй-бүлөңүздү жана айланадагыларды коргоңуз!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.