...

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №90 Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга карата Санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандардын санариптик мүмкүнчүлүктөргө кеңири жетүүсүн камсыз кылуу максатында, ведомстволор аралык көчмө жумушчу топко көмөк көрсөтүү менен маанилүү жыйын өткөрүлдү.

Иш-чара 2025-жылдын жай мезгилинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында болуп өттү. Жыйынга 350дөн ашык жаран катышып, санариптик кызматтар боюнча түздөн-түз маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жыйынга төмөнкү мамлекеттик мекемелердин адистери катышты:

Иш-чарада жарандар электрондук кызматтарды колдонуу, мамлекеттик базалар менен иштөө, кыймылсыз мүлктү каттоо, санариптик идентификация жана ипотекалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алышты.

Бул иш-чара — мамлекет менен элдин ортосундагы ачык диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле санариптик мүмкүнчүлүктөрдү аймактарга жеткирүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.