Айыл аймагынын тарыхы
Алтын-Арашан айыл аймагынын түзүлүшү, административдик-аймактык реформанын укуктук негиздери жана биригүү тарыхы.
Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн түзүлүшү
Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы
Алтын-Арашан айыл аймагы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу жаңы административдик-аймактык түзүлүш.
Айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгынын негизинде түзүлгөн.
Реформанын алкагында мурдагы Октябрь, Бөрү-Баш жана Кара-Жал айыл аймактары бириктирилип, бирдиктүү Алтын-Арашан айыл аймагы түзүлгөн.
Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтү Алтын-Арашан жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы №5 токтомунун негизинде расмий түзүлгөн.
Түзүлүү хронологиясы
Негизги чечимдер жана даталар
2023-жыл
Президенттин ПЖ №370 Жарлыгы
Айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн укуктук негизи аныкталган.
2024-жыл
Жергиликтүү кеңештин №5 токтому
Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.