КҮНӨСКАНАНЫ ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС ЖАРЫЯСЫ

Алтын-Арашан айыл өкмөтү маалымдайт:

Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Октябрь айылындагы Шаршеев көчөсү №7 дарегинде жайгашкан 1033,3 м² күнөскана 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

Объект Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде ижарага берилет.


Конкурска катышуу тартиби

Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандардын арыздары
2026-жылдын 16-апрелинен тартып кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу жана документтерди тапшыруу үчүн Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.


📅Жарыяланган күнү: 16.03.2026-жыл