2026-жылдын 5-августунда саат 10:00дө, айыл өкмөтүнүн имаратынын алдында коомдук угуу өткөрүлөт.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер кодексинин” 15-беренесине,
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобонун» 6, 7, 11 жана 25-пункттарына,
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-июлундагы №235 жана 2023-жылдын 12-майындагы №198 тескемелерине,
2025-жылдын 8-сентябрындагы №101 чечимине, ошондой эле Кара-Жал айылдык кеңешинин 2007-жылдын 26-декабрындагы 24-чакырылышынын 12-сессиясынын №22 токтомуна ылайык өткөрүлүүдө.
Коомдук угууда Бөрү-Баш айылынын №1084 контурундагы, Черик айылындагы №1094-1095, 1107, 1108, 1109, 1102,1095 контурларынан Тегизчил айылындагы №539 контурунан 8 участок, №572 контурунан №3 участок, Кара-Жал айылынан №251 контурунан №20 участок, Боз-Булун айылындагы №127 0,1 га жайыт жер , №124 0,3га жайыт жер №133 0,20, жайыт жер №134 0,20,жайыт жер №135 0,20 га жайыт жер №139-контур 0,30 га контурлар (мурдагы гараждын орду), №236-контур 0,30 га жайыт жер, №237-контур 0,40 га жайыт жер , №233 контур 0,04 га жайыт жер бош жер тилкелери боюнча маселе каралат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчике жеке турак үй куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндөгү жобого» ылайык жүргүзүлөт.
Айыл өкмөтүнүн комиссиясы бардык тургундарды өз убагында келип катышууга чакырат.
Сиздин пикир — айылдын өнүгүүсү үчүн маанилүү.