Токомбаев Акылбек Ракымбекович

Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы.

Билими: Жогорку. 1999–2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын «Юриспруденция» факультетинде билим алып, юрист адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:
2005–2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Мамлекеттик атайын күзөт кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө кармоо тобунун милиционери болуп иштеген.

2010–2013-жылдары Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалаган.

2016–2019-жылдары Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

2016–2021-жылдары Октябрь айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары жана төрагасы болуп иштеген. 2021–2024-жылдары аталган айылдык кеңештин депутаты болгон.

2021-жылдын июль айынан 2024-жылдын сентябрь айына чейин Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын «Мониторинг жана координация» секторунун башчысы кызматын аркалаган.

2021-жылдан тартып «Маман Органик» айыл чарба коммерциялык кооперативин жетектеп келет.

2024-жылдын 29-ноябрынан тартып Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы.

Батамбекова Жаныл Согушбековна

Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы.

Билими: Жогорку. 2003-жылы МИППтин Каракол филиалын бүтүргөн. Адистиги — «Финансы жана кредит», квалификациясы — экономист.

Эмгек жолу:
2003-жылдын 1-августунан 2007-жылдын 27-декабрына чейин Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө бухгалтер болуп иштеген.

2008-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 1-мартына чейин Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын борбордук аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматын аркалаган.

2021-жылдын 29-январынан 2024-жылдын 29-мартына чейин Октябрь айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

2024-жылдын 1-апрелинен тартып Алтын-Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы болуп эмгектенип келет.