Ак-Суу районунда бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддер өтүүдө

2025-жылдын 30-июнунда Ак-Суу районунун аймагында 9–11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган аттестат тапшыруу аземдерине байланыштуу жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында күндүзгү жана түнкү рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар Ак-Суу районунун акиминин орун басары жетектеген 4 топ тарабынан жүргүзүлүп жатат. Рейддерге райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн […]
Эл үнү – башкы дем! Ак-Суу районунда Элдик Курултайдын жыйынтыгы талкууланды

Бүгүн, 2025-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2024-жылдын 1-апрелиндеги №61 жана 2025-жылдын 17-29-майындагы №164-172 тескемелеринин алкагында, Ак-Суу районунда маанилүү жолугушуу болуп өттү. II Элдик Курултайдын Катчылыгынын өкүлдөрү, райондук деңгээлдеги тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Элдик делегаттар катышкан бул жолугушуу – эл менен бийликтин түз диалогунун жаркын үлгүсү болду. Жолугушуунун жүрүшүндө II Элдик […]
Санарипке кадам! Ак-Суу районунда санариптик сабаттуулукка арналган кеңири жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №90 Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга карата Санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандардын санариптик мүмкүнчүлүктөргө кеңири жетүүсүн камсыз кылуу максатында, ведомстволор аралык көчмө жумушчу топко көмөк көрсөтүү менен маанилүү жыйын өткөрүлдү. Иш-чара 2025-жылдын жай мезгилинде Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында болуп өттү. Жыйынга 350дөн ашык […]
Жаратылыш – жалпыбыздын аманаты: Ак-Суу районунда экологиялык ишембилик өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 16-майындагы №112 тескемеси менен бекитилген “19–24-май — үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы”нын иш-чаралар планынын алкагында, Ак-Суу районунда маанилүү коомдук демилге ишке ашырылды. “Жаратылышка аяр мамиле жасоо жана айлана-чөйрөнү коргоо” аталышындагы ишембилик тынчтык клубдарынын мүчөлөрүнүн жана мектеп окуучуларынын активдүү катышуусунда өткөрүлдү. Ишембилик учурунда айлана-чөйрөнү тазалоо, […]