📝 Мазмуну:
Алтын-Арашан айыл өкмөтүнүн аймагында, тактап айтканда Жаны-Арык айылында, кеңсе жана бокс имараттарын капиталдык оңдоо иштери башталат. Бул оңдоо имараттардын техникалык абалын жакшыртып, административдик жана чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
Оңдоо иштерине чатырды, ички жасалгаларды, эшик-терезелерди, инженердик тармактарды жана сырткы фасадды толук жаңыртуу кирет.
📅 Иштердин аткаруу мөөнөтү:
Келишимге кол коюлгандан кийин 60 календардык күндүн ичинде
💰 Долбоордун суммасы:
12 227 415 сом
📍 Дареги:
Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Жаны-Арык айылы
