Алтын-Арашан айыл өкмөтү маалымдайт:
Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы Кыдыр Аке көчөсүндө жайгашкан 0,10 га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторунда менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун” негизинде 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.
Ошондой эле, Кыдыр Аке көчөсү менен Шамыратова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 0,03 га жер тилкеси да ижарага берилет.
📌 Жер тилкелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде ижарага берилет.
📝 Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандар жана жеке ишкерлер тиешелүү документтерди Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте тапшыруулары зарыл.
ℹ️ Кошумча маалымат алуу үчүн Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.