ЖЕР ТИЛКЕСИН ИЖАРАГА БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРС ЖАРЫЯСЫ

Алтын-Арашан айыл өкмөтү маалымдайт:

Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылындагы А. Акчубаков жана Кыдыр Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 0,03 га жер тилкеси 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

📌 Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде ижарага берилет.

📝 Конкурска катышуу тартиби

Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандардын арыздары 2026-жылдын 26-мартынан тартып кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу жана документтерди тапшыруу үчүн Алтын-Арашан айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.

📅 Жарыяланган күнү: 26.02.2026-жыл