Алтын-Арашан айыл өкмөтү маалымдайт:
Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Октябрь айылындагы Шаршеев көчөсү №7 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1033,3 м² болгон күнөскана 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилет.
Объект Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык конкурстук негизде ижарага берилет.
Конкурска катышуу тартиби
Конкурска катышууга каалоо билдирген жарандардын арыздары 2026-жылдын 25-июлунан тартып кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди белгиленген тартипте Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшыруу зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылсаңыздар болот.
📅 Жарыяланган күнү: 25.06.2026-жыл.